БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жергиликтүү кеңешке өтүп жаткан шайлоого катышкан жарандардын саны саат 13:30га карата 30 пайызды түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн 27-мартта, жергиликтүү кеңештерге шайлоо алты шаарда: Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Кемин, Майлуу-Суу жана 20дан ашуун айыл өкмөттөрүндө өтүп жатат. Анда биометрикалык маалымат тапшырган 271 миң жаран добуш бере алат.
БШКнын саат 13:30га карата берген маалыматына ылайык, 77 миң шайлоочу добуш берди. Бул 28,28 пайызды түзөт.
Шайлоочулардын эң төмөнкү активдүүлүгү Караколдо байкалды. Анда 29,6 миң шайлоочунун 6283ү гана добуштарын беришти.
Ал эми айыл аймактардагы эң төмөнкү активдүүлүк Ысык-Көл облусуна караштуу Оргочор айылында байкалды. Анда, калктын 20 пайызы гана катышкан.
Жогорку көрсөткүч Нарын облусундагы Конорчок айылында байкалууда, анда шайлоочулардын 40 пайыздан ашыгы өз добушун берүүгө жетишти.