00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Төрага былтыр жер титирөөдөн жабыр тарткан Чайчы айылына барды

Жазылуу
Зилзаладан улам айылдагы алты турак жай жарым-жартылай талкаланып, 30 там авариялык абалда экени аныкталган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков башында турган депутаттардын тобу былтыр 17-ноябрда жер титирөөдөн жапа чеккен Оштун Кара-Суу районунун Чайчы айылынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирүүдө.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 17-ноябрда түнкү саат 11.30дар чамасында жана түнкү саат 2.00дөр чамасында экинчи жолу жер титиреп, очогу Кара-Суу районундагы Чайчы айылында жайгашканы айтылган. Айылдагы 59 үй текшерүүдөн өтүп, анын ичинен алты турак-жай жарым-жартылай талкаланып, 30 там авариялык абалда экени аныкталган. 

Нарын облусундагы айыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында жер титиреди
Мындан тышкары, сегиз үй капиталдык оңдоого муктаж болсо, 15 тамды жеңил ремонттон өткөрүү каралган. Үйсүз калуу коркунучунда турган жашоочуларга мобилдүү контейнерлер жеткирилген.

Жээнбеков Чайчы айылын калыбына келтирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Чайчы айылын калыбына келтирүү иштери боюнча эл өкүлдөрүнө кеңири маалымат беришти. Зилзаладан жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканы да белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар жер титирөөдөн жабыркагандар даражасына жараша ссуда үчүн сертификаттарды алганын айтышты. 

"Бизге биринчи кезекте мамлекет тарабынан, башка облустардан, кайрымдуулук фонддордон дагы жардамдар келди", — дешти тургундар. 

Алар муну менен бирген турак-жайларды курууга насыя алуунун жол-жобосуна кызыгып, таза суу көйгөйүн көтөрүштү.

Өз кезегинде төрага парламенттин атынан дагы акчалай жардамын тапшырды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0