БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Нарында кечээ жер титирегенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, силкинүүнүн очогу аймактагы Коңорчок менен Ак-Кыя айылдарынан алыс эмес Ак-Шыйрак тоо кыркаларында жайгашкан.
Аталган айылдарда жана ага жакын Жерге-Тал, Чолок-Кайың аймактарында жер титирөөнүн күчү төрт баллга жеткен.
Жер титирөөдөн жабыркагандар катталган эмес.