БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Сокулукта 58 жаштагы жергиликтүү тургун Nissan R'nessa унаасы менен Бишкек — Чалдывар жолунан эки унаа менен сүзүшүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-март күнү болжол менен саат 20.30да аталган жаран алгач Mercedes-Benz 200 унаасы менен кагышып токтобой кеткен. Андан ары барып Toyota Vitz унаасын сүзүп, ошол бойдон качып кеткен.
Кырсыкка себепкер айдоочунун мас абалында болгону айтылууда.
Экинчи унаадагы Садовое айылынын тургундары ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилишти. Машиналар айып короого токтотулуп, иликтөө иштери башталды.