БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары депрессияга көп кабылары тууралуу The Independent агенттиги жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты.
Питсбург университетинин Медициналык мектебиндеги изилдөөчүлөрдүн айтымында, социалдык тармактарга көп убактысын жумшаган адамдар депрессияга түшүү коркунучу жогору экенин айтышат.
Изилдөөчүлөрдүн башында турган Брайан Примак The Independent агенттигине "Facebook-депрессиясы" тууралуу айтып берди.
"Социалдык тармактарга көп убактысын бөлгөн адам башка адамдардын жакшынакай, кооз сүрөттөрүн көрүп өзүн бактысыз, ийгиликсиз адам катары сезиши мүмкүн", — дейт Примак.
Анын айтуусунда, социалдык тармактарга такыр кирбей коюу дагы туура эмес. Болгону, оң жана терс жактарын эстеп коюу керек дейт ал.