БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ош облусуна жөнөп кеткенин парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, спикер башында турган депутаттардын тобу жана өкмөт мүчөлөрү Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондорундагы шайлоочулар менен жолугат.
Маалымат кызматы жолугушуулардын алкагында төрага бир катар социалдык объектилерди кыдырарын да билдирди.