БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Таластын Кум-Бел аймагында таш алдынан оролгон "Марголина" үлгүсүндөгү тапанча табылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, табылганы кечээ, 23-март күнү аталган кызматтын Талас облусу боюнча башкармалыгы УКМК кызматкерлери менен биргеликте аныкташкан. Куралдын жанынан бир огу тар магазини бар экени белгилүү болду.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин табылган курал-жарак УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.