БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Улуттук банк кечээ 5,2 миллион доллар сатып алды. Бул тууралуу маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.
Алгач ирет долларды Улуттук банк 2-мартта сатып алган. Ал эми жыл ичинде жалпы 52 миллион 950 миң доллар сатылып алынса, 77,4 миллион АКШ доллары сатылган.
Улуттук банктын маалыматы боюнча доллардын наркы 23-мартта 44 тыйынга түшүп, 71,5 сомду түздү.