БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Борбор калаадан 21-мартта, Нооруз майрамында беш жаштагы баланы маршруттук такси коюп кеткенин "Тез жардам" кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
"Саат 19:27 Дэн Сяопин көчөсүнөн кишини машина уруп кеткени боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барып 5 жаштагы баланы машина коюп кеткенин тактадык. Алдын ала маалымат боюнча аны №212 маршруттук таксинин айдоочусу кагып, кырсык болгон жерден качып кектен", — деди Борисов.
Жаракат алган бала балдардын шаардык клиникалык ооруканасына мээси чайкалып жеткирилген.