БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык дебат академиясынын бешинчи ирет жаштарды дебат ыкмасына үйрөтүүчү тренинги болууда.
Аталган иш-чара 21-27-март күндөрү болуп, анда Россия, Казакстан, Тажикистан, Өзбекстан, Украина, Эстония жана Кыргызстандын жаштары катышып жатат, деп уюштуруучулар билдирди.
Академиянын максаты — жаштарды эркин ой жүгүртүүгө, лидерлик сапатка үйрөтүү.
Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык дебат академиясы быйыл экинчи ирет тренинг өткөрүп жатат. Ал аталган иш-чараны былтыр да уюштурган.