Азыр кыргыздар катуу кеттик: Чыңгыз хандын тегин кыргыз кылдык, индеецтерди, уругвай, парагвайларды, жапон-сапондорду бизден чыккан дедик, дүйнөдөгү канча бир жер аттарын өзүбүзгө энчилеп алдык, Швейцарияны, Сингапурду жөн эле басып өтөбүз дедик, Анталияга орустар эми барбай, бизге келет дедик. Ушундайда Салижан Жигитов жетишпей жатпайбы. Ал бир жолу айтты эле: "Кыргыз эли дүйнөдөгү жерлердин жакшысын ээлей алган эмес. Сыймыктанган Ала-Тообуз жайында эс алганга дурус, бирок байгер жашаганга такыр эле ыңгайсыз". "Тоолорубуз кооз, табиятыбыз таза, Ысык-Көлүбүз керемет, туризм тармагын өрчүтсөк байып жатып калабыз деген ойдо жүргөн кыргыздар да арбын". "…кокусунан адашып Кыргызстанга келип калгандар биздин ач белдерде жатып, тамак-ашыбызды ичип, башка сервис сөрөйлөрүбүздү көрүп, бажыкана, милийса, коопсуздук жааттарындагы өкмөтчүлөрдүн кылгылыктарын баштан кечирип, кээде каракталып, башка ыдыктарды жеп, акыры бизден көңүлү үч көчкөн журттай калып, "Кыргызстанды желкемин чуңкуру көрсүн" деп кетет".
Муну ким, кандай баатыр айтат!? Ошон үчүн биз ал кишини улутбезери атап, кыргыздын душманы катары көрдүк. Андан Салижан Жигитовдун кадыры бөксөрүп, зоболосу түшүп кетпеди, же Кыргызстан дүйнөлүк алдыңкы өлкөлөргө теңелбеди.
Умсундурган ушул адам…
Ал киши чукугандай сөз таап, жайкы ысыкта беймарал суу ичип жаткан уйду сайгак келип чаккандай "чагып", "таап" айтчу.
Ортодо окурмандарга КРдин эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын аткаруусундагы "Шуулдаган теректерим" ырын сунуштайбыз. Обону композитор Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковго таандык.
Азыр мына ошол киши, ошол үн жетпей жатат. "Салижан агай болгондо… ", "Жигитов минтмек… " деп умсунуп алчу болдук…
Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.
Арманыман ачышат жүрөк, ичим.
Алыспы же жакынбы түгөнүшүм –
Аны билбей жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Шуулдаба, теректер, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..
Бир убакта акын ушинтип, жакындарын жоктогон болсо эми биз ал кишини жоктоп калдык…
Өзгөндүн Көлдүк айлында туулуп, онунчуну Фрунзедеги көзгө басар кыргыз мектептен бүтүп, кыштактан келген башка балдарга караганда ал дүйнөлүк маданиятка, орус тилине тез аралашты. Анын "Ыймандай сырым" деген ыр китеби жука болгону менен азыркыга чейин накта лирикалык маанайы, ички дүйнөсүн ачып берген сыр жашырбастыгы менен улуттук поэзиябыздын төрүнөн орун табууга акылуу жыйнак эле. Табиятынан ыр жандуу жана кылдат эстетик катары Салижан Жигитов "Ырлар жана жылдар" деген сын макалалар жыйнагы менен адабиятчылардын алдыңкы катарына дароо эле чыкты жана өмүр бою сын жана адабият таануу багыты анын көчбашы өнөрүнө айланып, адабиятыбыздагы "ак тактардан" тартып, көп акын-жазуучулардын, адабиятчылардын, жаш каламгерлердин портретин ачып берген. Анын өзгөчө белгилей турган жагы — XX кылымдын 20-жылдарындагы кыргыз маданий турмушун архивдик, документтик жана адабий материалдар менен ачып, ошолорду шурудай тизип, анын бизге жазып бергендигинде. Кыргыз поэзиясындагы салттуулук жана жаңычылдык боюнча кандидаттык, улуттук адабияттын пайда болушу жана калыптанышы боюнча докторлук диссертациясын коргоп, илимдин бул тармагына барандуу салым кошуп, Алыкул Осмонов акындын дүйнөсү жөнүндө салмактуу китебин чыгарды.
Мустай Карим, Назым Хикметти "тоолук кыргызга" айландырды
Мустай Карим, Назым Хикмет кыргыз тилинде Салижан Жигитовдун эң мыкты таржымалында "тоолук кыргыз" акындарына айланды жана бул эмгектер улуттук котормо өнөрүндөгү эталон көрүнүш катары өз ордун эч качан жоготпой турган даражада кала берди.
Кантсе да каниет кылар нерсе – ал кишинин артында элине деген ак эмгеги калды…
Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк кыштоосунда туулган.
1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында оорудан улам каза болгон.