Таласта унаа оңдоочу жайда машина өрттөнүп, бир адам күйүп кетти

Жазылуу
Учурда өлгөн эркек кишинин аты-жөнү такталууда.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Талас шаарында автоунаа оңдоочу жайда Volkswagen Golf-3 машинасы өрттөнүп, анын кесепетинен бир адам каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 16-март күнү болгон. Аталган унаа толугу менен күйүп кеткен. Учурда өлгөн эркек адамдын аты-жөнү такталууда.

Министрлик өрттүн себеби аныкталып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0