Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кыз изделүүдө

Жазылуу
Ал 7-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Таш-Кѳмүр шаарында дайынсыз жоголуп кеткен 13 жаштагы Данияр кызы Сырганы изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, кыз 7-мартта саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Аны издөө үчүн куткаруучулар 15 чакырым аралыкта Нарын дарыясынын жээгин, ошондой эле бүтѳ элек үйлѳрдүн ичин, адырларды жана сайларды издешкен. Бирок жыйынтык болгон эмес.

Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0