Жок болуп кеткен кайсы жаныбарлардын сөөктөрү Кыргызстанда табылган

Жазылуу
2016-жылы 10-мартта Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын азуу тишин табышкан. Жок болуп кеткен жаныбарлардын сөөгү Кыргызстандын аймагынан буга чейин да табылып келген.

Кыргызстандын аймагынан мындан бир канча миң жыл мурда жоголуп кеткен жаныбырлардын сөөктөрү биринчилерден болуп Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүргө жакын жерден 1966-жылы динозаврдын сөөгү табылган. Аталган сөөк 2000-жылкы изилдөөдө зауропод түрүндөгү динозаврдыкы экени аныкталган.

Ошондой эле, Таш-Көмүр аймагынан 1970-2015-жылдардагы илимий казуулар учурунда птерозавр, стегозавр, теропод динозаврларынын сөөктөрү табылган. Андан сырткары Юр доорунун убагындагы үлүл (моллюска) балык, бака, кескелдирик, крокодилдердин таш болуп калган сөөктөрү жана акуланын үч түрүнүн сөөгү жана тиштери табылган.

Жирафтын сөөгү Кыргызстанда биринчи жолутабылды
1970-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун аймагынан жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылында мамонттун сөөгү табылган. Ал эми 1980-жылдары Ысык-Көл аймагынан мамонттордун, байыркы эликтердин сөөктөрү табылган. 1990-жылдары Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр аймагындагы Күнгөй Ала-Тоонун адырларында байыркы жылкылардын сөөктөрү табылган.

Жоголуп кеткен жаныбарлардын сөөгү Нарын облусунун аймагында да табылган. Мисалы 1960-70-жылдары Кочкор аймагынан байыркы теке, эликтердин сөөктөрү табылган. Ал эми 2015-жылы Кочкор районунда таш болуп катып калган неолит дооруна таандык байыркы акыра (жираф) чөө жана кериктин (носорог) сөөктөрүн Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору, геолого-минералдык илимдин доктору Канатбек Абдрахматов АКШлык илимпоз менен биргеликте табышкан.

Талас облусунун Кара-Буура району аймагынан 1981-жылы мамонттун азуу тиши табылган. Ал бүгүнкү күнү Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылындагы Мейлибек Орозбеков атындагы орто мектептин музейинде сакталып турат.

Эң акыркы табылга болуп, 10-мартта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун жээгинен мамонтко окшогон жаныбардын сөөгү эсептелет.

Бул маалыматтарды чогултууда Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун окумуштуу катчысы Айзек Бакиров, тарых илиминин кандитаты, археолог, кыргыз-түрк Манас университетинин тарых бөлүмүнүн профессору Кубатбек Табалдыев жана Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору, геолого-минералдык илимдин доктору Канатбек Абдрахматов жардам берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0