Сариев: ЕАЭБ ичинде инфляциянын көлөмү Кыргызстанда эң төмөн

Жазылуу
Нефтиге болгон баанын арзандашы ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасына залал тийгизди, бирок көрүлгөн чаралар анын терс таасиринин алдын алууга шарт түздү.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ичинен эң төмөнкү инфляция Кыргызстанда экенин премьер-министр Темир Сариев билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт мүчөлөрү кечээ көпчүлүк коалициянын жыйынына катышты.

Эл аралык валюта фондусунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЭВФ: дүйнө жүзү экономикалык кыйроонун алдында турат
Сариев көптөгөн мамлекеттерди каптаган былтыркы экономикалык каатчылыкка карабастан, Кыргызстан экономикасынын өсүшүн 103,5 пайыздын чегинде кармап тура алганын белгиледи. ИДП 423,6 миллиард сомду түзүп, ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен эң жогорку көрсөткүч экенин айтты. Жыл жыйынтыгы менен Кыргызстандагы инфляция 3,4 пайызды түзгөн, деп айтты премьер-министр.

Ал нефтинин арзандашы ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасына залал тийгизгенин, бирок өз маалында көрүлгөн чаралар анын терс таасиринин алдын алууга шарт түзгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, өкмөт быйылкы жылга карата 420 иш-чарадан турган план иштеп чыккан. Анын 87си өкмөттүн каатчылыкка каршы аракеттери болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0