БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыкканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айыл өкмөт Ат-Башы районунда жайгашкан.
ӨКМнын алдын ала берген божомолунда, өрт күйгөн боюнча калган жылыткычтан улам келип чыккан. Министрлик документациянын бөлүгү күйүп кеткенин кошумчалады.