БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада түштөн кийин бир аз жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, күн 18…20 градуска чейин жылуу болот.
Ал эми Ош шаарында күндүз 20…22 градус ысык болот.
9-марттан 12-мартка чейин күндүн ысышынан жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош (121-137, 198-265 чакырымдары) авто жолунда кар көчкү түшөт.
Андыктан Кыргызгидромет унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы керектигин эскертет.