БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Белоруссиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиевди эки ишти айкалыштыруу менен Латвия, Литва жана Эстониядагы элчиси кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Буга чейин КРнын көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин уставдык органдарындагы туруктуу өкүлү Өмүралиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш да жактырып колдоп берген.
Аталган өлкөлөрдөгү элчиликтердин резиденциялары Минск шаарында жайгашат.