ЖК Балтика өлкөлөрүндөгү элчиликке Өмүралиевдин дайындалышына макул болду

© Фото / из личного архива Кубанычбека ОмуралиеваКубанычбек Өмүралиев. Архив
Кубанычбек Өмүралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтин резиденциясы Минск шаарында жайгашат.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Белоруссиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Латвия, Литва жана Эстонияга элчи болуп дайындалышына макулдук берди.

Комитеттин жыйыны шейшемби күнү өттү.

Резиденция Белоруссиянын борбору Минск шаарында жайгашмакчы.

Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси болуп өткөн жылдын май айында дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0