БИШКЕК, 9-мар. – Sputnik. УКМКда чыккан өрттөн иске ууланып ооруканага түшкөн алты кызматкер 7-март күнү үйүнө чыгарылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкектин Саламаттык сактоо департаментинин башчысы Кубанычбек Кулбатыров билдирди.
Анын айтымында, баарынын абалы канааттандырарлык.
Өткөн жума күнү кечинде УКМК имаратында өрт чыккан. Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, кырсыкка электр зымдарындагы чыңалуу себеп болгон. Тез жардам кызматы өрттөн тогуз адамдын жабыркап, ооруканага түшкөнүн маалымдаган. Үчөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлсө, калганы дарыланууда калган. Алардын үчөөнүн абалы оор экени айтылган.