БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Токмокто мас адам ажатканага түшүп кетип чыгарылганын ӨКМ билдирди.
Окуя кечээ, 8-март күнү кечинде болгон.
Ленин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде 19 жаштагы Аман Молдалиев ажатканага түшүп кеткен. Аны Токмок шаардык аскерлештирилген бөлүгүнүн куткаруучулары аркандын жардамы менен тартып алышкан.