Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Айида Батырбекова айдоочулардын каттоосу бир жерде, жашаган жери башка жакта же ишеним кагаз аркылуу айдап жүргөн айдоочулар жол эрежесин бузса кимге кат жөнөтүлүп, ким жазага тартылат деген сыяктуу талаштуу суроолорго ИИМдин маалымат борборунун башчысы Алмазбек Бообековдон жооп алды.
— Алмазбек мырза, айдоочу унааны ишеним кагаз аркылуу айдап жүрүп, жол эрежесин бузса кат кимге жөнөтүлөт?
— Кат унаанын мыйзамдуу ээсине жиберилет. Себеби, 2011-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан административдик кодекске, ушундай өзгөртүү киргизилген. Буга ылайык, айдоочулар мындан ары жөндөн-жөн бирөөгө унаасын бербей турган болушат.
— Бирок, ишеним кагаз менен ондогон унаа саткандар кантет?
— Мурда сатып жиберген унааларды эми өздөрү издеш керек болот. Биз дагы тапканга жардам беребиз. Ал үчүн кайгуул милициясына арыз менен кайрылыш керек. Мындан сырткары, бул көйгөйдү жоюу максатында Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан акырындык менен каттоо маселеси бир калыпка салына баштады.
— Адамды сүзүп кетүү катталса, айдоочу эмес унаанын мыйзамдуу ээси жооп берип калабы?
— Жок, сүзүп кеткен адам өзү жооп берет. Себеби, видео камера аркылуу жол эрежелерин бузуу фактыларын каттоо системасы жол кырсыктарына эмес, жол эрежесин бузууларга гана жайылат.
— Бир жерде каттоодо туруп, башка жакта жашап жаткандарга кат кантип жеткирилет?
— Жарандын мурдагы катталган үйүндө тууган туушкандары жашап жаткан болсо, алар аркылуу жаңы дареги такталат. Болбой калса, кайгуул милициясына, постторго мыйзам бузуучунун маалыматтары жөнөтүлөт.
— Жол эрежесин бузуу катталгандан кийин кат канча убакытта жеткирилет?
— Унаа ээси Бишкек шаарында жашаса бир күндө, ал эми аймактарга жети күнгө чейинки убакытта жеткирилет.
— Айып пулду төлөө мөөнөтү кат колго тийген күндөн тарта эсептелинеби?
— Ооба.
— Качан жеткирилгендигин кантип тактайсыздар?
— Почточулар катты жеткирип барганда сөзсүз түрдө "алдым" деп кол койдуруп алууга милдеттендирилген.
— Маалыматты жеткирүүнүн дагы кандай жолдору каралып жатат?
— Учурда атайын маалыматтык сайт ачканы жатабыз. Ал жактан ар бир айдоочу жол эрежесин бузганын же бузбаганын тактай алат.
— Айып пул канча күндүн ичинде төлөнүүсү керек?
— Бир айдын ичинде төлөнүүсү керек. Андан ашса туум кошулуп баштайт.
— Канча пайыздык туум кошулат?
— Жалпы сумманын 10 пайызы күнүгө кошулуп турат. Туум негизги айып пулдун суммасына жеткиче кошула берет. Мисалы, айып пул 500 сом чыкса, тууму кошулуп отуруп дагы 500 сомду түзгөндө, туумдун өсүүсү токтотулат. Ошондо, жалпысы 1000 сом төлөө керек болот. Бул сумманы беш жылдын ичинде төлөсө болот. Эгер беш жыл аралыгында төлөбөсө, карызы жоюлуп калат.
— Анда төлөбөй убактты чоюп жүрө берсе болот экен да?
— Болот, бирок беш жыл аралыгында башка өлкөгө чыга албай, мамлекеттик мекемелерден тактама (справка) ала албай калышат. Керек болсо уюлдук байланыш кызматтары өчүрүлүшү мүмкүн.
— Мындай чектөөлөр айып пулдун тууму 100 пайызга жеткенде ишке ашып баштайбы?
— Жок, бир ай өткөндөн кийин эле чектөө коюлат.
— Учурда канча мыйзам бузуу катталды?
— Жол эрежесин бузуу коңшу өлкөлөрдүн жарандары тарабынан катталып калсачы?
— Постторду уюштуруп жатабыз, алар транзит менен кеткен унааларды көзөмөлдөшөт. Мындан сырткары, чек ара кызматкерлери менен постто турган кызматкерлерге атайын маалымат базасына кирүүгө мүмкүндүк берилет. Ал базада эрежени бузган айдоочулар тууралуу маалыматтар камтылат. Дагы бир жаңылык, бардык кайгуул милиция кызматкерлерине онлайн мобилдик кызматын түзүп берүү иштелип жатат. Ишке кирип калса, эреже бузгандардын унаа номерлери бардык кызматкерлерге жөнөтүлүп турат.
— Учурда канча камера, кайсы жерлерге коюлду?
— Азырынча бир эле комплекс иштеп жатат. Сокулуктагы эки сызыкка эки камера коюлган.