Москвада кыргызстандык балдар демилгенин биринчи күнү 26 айымды үйүнө чейин узатышты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада иштеп жаткан кыргызстандык балдар жумуштан кеч чыккан эже-карындаштарды тосуп алып, үйүнө чейин узатып жатышат.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Демилгенин биринчи күнү эле Москва шаарында жашап, иштеп жаткан кыргызстандык балдар жумуштан кеч чыккан 26 кыз-келинди тосуп алып, үйүнө чейин узатышканын бул демилгени көтөрүп чыккан Адилет Чилдебаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Москва шаарында кыргызстандык балдар жумуштан кеч чыккан эже-карындаштарды тосуп алып, аларды үйүнө дейре узатышууда

Чилдебаев демилге көтөрүлгөн биринчи күнү 140ка жакын киши кыз-келиндерди тосуп алууга даярдыгын билдирген.

"Биринчи күнү 140ка жакын киши жумуштан кеч чыккан эже-карындаштарды тосуп алып, үйүнө жеткирип коюуга макул экендигин айтты. Бизге "жумуштан кеч чыгам, тосуп аласыңарбы" деген 50гө жакын кайрылуу түштү. Балдар алардын 26сын үйүнө жеткирип коюшту. Калган билдирүүлөр түшкөн аймакта тосуп алчу балдар болбой калды", — дейт ал.

Бегимай Абдыкадырова аттуу жаран жумуштан кеч чыккандыктан балдардын мындай жардамын кубануу менен кабыл алганын белгиледи.

"Мен абдан ыраазымын. Чындыгында аябай жакшы жардам болду десем жаңылышпайм. Анткени бул жакта иштеп жаткан кыздардын айрымдары иштеген жеринен алыс жашашат. Мисалы мен метродон үйгө чейин 15 мүнөт басам. Жол дагы түз эмес, үйлөрдү аралап өтүүгө туура келет. Дайыма коркунуч бар", — дейт ал.

Абдыкадырова ошондой эле, мындай жардам таксиге кеткен акчаны үнөмдөөрүн кошумчалады. 

"Иштеген жеринен алыс жашагандарды мүмкүн болушунча тааныштары тосуп алууга аракет кылат. Кээде өтө кеч болуп кеткенде такси чакырабыз. Ага деле бир кыйла акча кетет. Азыр бизди жумуштан чыкканда кыргыз жигит күтүп алып жатышат. Бул да чоң жардам", — дейт ал.

Чилдебаев социалдык тармактарда мындай жардам канча турарына кызыккандар көп болгонун кошумчалады.

"Бизге эң көп "бекерби?" деген суроо көп берилди. Биздин жарандардын айрымдары аябай тамашакөй экен, жөн гана чалып, убакытты алышты. Мындай нерселерден кичине көңүл калуу болот экен", — дейт ал.

Жумуштан кеч чыккан эже-карындаштарды тосуп алуу улана берерин Адилет Чилдебаев баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0