Анын айтымында, Калпак күнү белгиленгенден баштап улуттук баалуулуктарга маани бериле баштады.
"Ар бир улуттун баалуулуктары болот. Кыргыз элинин Ала-Тоодой ак калпагын күндө кийбесек да даңазалап туруу бул чоң жетишкендик. Анткени беш жыл мурун мындай иш-чаралар болгон эмес. Калпак күнү белгиленгенден баштап улуттук баалуулуктарга маани бериле баштады. Анткени элибизди дүйнө калпак аркылуу тааныйт", — деди Кубанычбеков.
Буга чейин чоңдугу бир метрден ашпаган калпактарды тигип келген кол өнөрчү Айбек Сүйүнбаев үч метрлик калпакты тигүүдө аны ордунан жылдыра албай айласы кеткенин жашырган жок.
"Мындай чоң калпакты биринчи жолу жасап жатам. Кол машина менен тигип коем деп ойлогом. Бирок тиге келгенде чоң калпакты жылдыруу кыйын экен. Ошентсе да аракет кылып кол машинкага тиктик. Биринчи жолу жасап жаткандыктан кичине катачылыктар бар", — деди Сүйүнбаев.
Демилгечилердин пикиринде, калпакты тигүү иштери 5-март Калпак күнүнө чейин аяктап, аны тарых музейине жайгаштыруу пландалып жатат.
Кыргыздын улуттук баш кийими тууралуу баардык маалыматты Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>>