00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Фондовая биржа КР показывает рекорды: во что вкладывают кыргызстанцы?
08:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Курорт жана санаторийлер: мамлекеттин карамагына өткөнү кандай иштер аткарылууда?
09:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Будь в курсе
Реконструкция Ботанического сада и зачем там футбольные поля?
10:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өткөн жылы Кыргызпатент авторлорго 29 миллион сомдон ашуун гонорар төлөдү
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бөбөктөрдүн иммунитети: баланын сасык тумоого чалдыгышы кадимки көрүнүшпү?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что говорят цифры: главные тенденции 2025 года по данным Нацстаткома КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аскердик кафедраны жоюу керекпи?

Жазылуу
Эксперттин айтымында эгерде аскердик кафедралар жабыла турган болсо студенттерге сокку болушу мүмкүн. Ал ортодо студенттер убакытты уттуруп, өзүңдөн беш жаш кичүүлөр менен кызмат өтөп каласың дешүүдө.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети сунуштап жаткан аскердик кафедраларды жоюу эмнеге алып келерин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кызыгып көрдү.

Куралдуу күчтөрдүн курамын толуктоонун сапатын жакшыртуу максатында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети медициналык академиядан тышкаркы ЖОЖдордун алдындагы аскер факультеттерин жоюуну сунуштап жатат.

"Куралдуу күчтөрдөн жылына 100-120 офицер бошотулса аскер окуу жайлары 130-150 офицерди даярдап жатышат. Ошого байланыштуу аскердик эсепте турган запастагы офицерлердин саны талап кылынгандан жогору", — деп айтылат комитет көтөрүп чыккан мыйзам долбоордо.

Мындан сырткары демилгени чакырылгандардын аскер учетунун төмөн деңгээли, мобилизациялык ресурстардын туура эмес колдонулушу жана аскердик факультеттердин коррупциялык көрүнүштөрдүн көбөйүшү менен түшүндүрүүдө.

Аскердик факультеттер, студенттер каршы

Аймактык жогорку окуу жайлар аралык аскердик факультетинин окуу бөлүмүнүн башчысы полковник Махамедали Юлдашевдин аскердик факультеттер коррупциялашкан деген пикирге кошулбайт.

"Бүгүнкү күндө Ош техникалык университеттеги аскер факультетинде шаардагы беш жогорку окуу жайдан 1330 студент билим алат. Окуу программасынын алкагында талаптардын баарын аткарып жатабыз. Бул тармакта иштеп жаткан соң кантип жабылуусуна макул болмок эле", — дейт Юлдашев.

Аскердик факультетте окуп жаткан Турдубек Бузурманкулов комитеттин демилгесин колдобойт.

"Жогорку окуу жайда билим алуу менен кошо аскердик факультетте окуу мүмкүнчүлүгү бар экени жакшы. Төрт жыл окуп андан соң аскерге кызмат өтөөгө барсак такыр эле убакыттан уттурабыз. Андыктан аскердик факультетти жоюу туура эмес", — дейт Бузурманкулов.

Аскерде кызмат өтөп келген Бектурсун Бектенов да демилгеге каршы.

"Биздин окуу жайда аскердик факультет жок болгондугуна байланыштуу беш жыл окуп анан аскерге баргам. Такыр болбойт экен. Убакытты уттуруп, өзүңдөн беш жаш кичүүлөр менен кызмат өтөп каласың", — дейт Бектенов.

Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректоруАкымбек Абдыкалыков бул сунуш туура эмес деген ойдо.

"Менин жеке пикиримде бул демилге туура эмес. Жогорку билим алуу менен кошо аскердик кесипке ээ болгон дурус", — дейт Абыдкалыков.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахмановдун айтымында аскердик факультеттерди жапканга жараша баарынын ишин токтотуу зарыл.

"Калыстык болуш үчүн жапканга жараша баардык аскердик кафедраларды жабуу керек", — дейт Абдрахманов.

Жогорку окуу жайлардын жетекчилери аскердик факультеттердин жабылышы окуу жайларга абитуриенттердин тапшыруусун азайтпайт деген пикирде. Анткени студенттер аскердик билетке эмес, сапаттуу билимге көңүл бурат.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана эксперт эмне дейт?

Комитеттин төрагасы Марат Кенжесариев бир тараптуу пикир айтуудан баш тартты.

"Маселени парламент чечет. Бирок биз аскердик факультеттер жабылуусу керек деген ойдобуз", — дейт ал.

Бул сунушту коргоону, коопсуздукту көзөмөлдөгөн мурунку вице-премьер Токон Мамытов колдоорун билдирди.

"Учурда аскердик факультеттерге суроо талап жокко эссе, анткени запастагы аскерлер көп болуп кетти. Сапаты жагынан айта турган болсок күчтүү аскерлерди 20 жыл мурун даярдашчу. Азыр болсо аларды чет өлкөнүн аскер окуу жайлары окутуп жатышат", — дейт Мамытов.

Үч жашар Сердардын башкы желектин алдында жоокердик маршы - Sputnik Кыргызстан
Үч жашар бала Кыргызстандын башкы желегин күзөтчүлөр менен кошо кайтарууда
Эксперттин айтымында эгерде бул мыйзам кабыл алынса студенттерге сокку болушу мүмкүн. Бирок аскер болгусу келгендер бул тармактагы окуу жайларды окууга аргасыз болушат. 

Эскерте кетсек 2009 жылы аскердик кафедралар жабылып, 2010-жылдын апрель окуяларынан соң кайра ачылган.

Азыркы күндө республикада ар кайсы аскердик-каттоо адистиктери боюнча запастагы офицерлерди даярдоочу эки ЖОЖдор аралык аскер факультеттери (КМКТАУ жана ОшТУ) жана бир аскер кафедрасы (КММА) бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0