БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Төрт жылда бир келүүчү 29-февраль күнү Кыргызстанда 336 ымыркай жарык дүйнөгө келгенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Анын ичинен Баткенде — 46, Ошто — 105, Жалал-Абад облусунда — 60, Таласта — 15, Нарында — 13, Ысык-Көлдө — 21, Чүй облусунда — 11, ал эми Бишкек шаарында 65 наристе төрөлгөн.
Бир жылда 365 күн бар деп эсептелсе, төрт жылда бир жолу жылдын узактыгы бир күнгө созулуп келет.