БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Түркиянын парламентиндеги оппозициялык партиянын депутаттары президент Режеп Тайип Эрдогандын Конституциялык соттун журналисттерге карата чыгарган чечимин сыйлыбай жана тааныбай турганы боюнча билдирүүсүн сынга алышты. Журналисттер түрк өкмөтүнүн жашыруун түрдө сириядагы жихадчыларга курал-жарак жеткирүүсү боюнча журналистикалык иликтөө жасаганы үчүн камакка алынган.
Оппозициялык гезиттин башкы редактору Жан Дүндар жана басылманын Анкарадагы өкүлү Эрдем Гүл 2015-жылы 26-ноябрда камакка алынган. Стамбулдун прокуратурасы Дүндар менен Гүлдү тыңчылыкка шектеп, өмүр бою абакка кесүүнү суранган. Бирок, Түркиянын Конституциялык соту журналисттердин камалышы алардын укугун бузуу болуп саналарын белгилеп, соттун чечими чыкканга чейин аларды бошоткон. Эрдоган соттун мындай өкүмүн кабыл албай тургандыгын жана аны сыйлабарын билдирген. Ал эми журналисттер иликтөө эмес тыңчылык кылып жүргөн деген пикирин айткан.
Айрым депутаттар өлкө президентинин мындай билдирүүсүн сотко басым көрсөтүү катары баалашты.
Журналисттердин камалуусуна алып келген окуя 2014-жылы январь айында Адана провинциясында болгон. Анда аскерлер түрк-сирия чек арасына бараткан жүк ташуучу унааларды текшеришкен. Түрк бийлигинин маалыматы боюнча жүк ташуучу унаалар сириядагы түкмөндөргө гумантардык жардам ташып бараткан.
Cumhuriyet гезити жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда тартылган фото видеону 2015-жылы май айында жарыялашкан. Анда жүк ташуучу унаалардын ичинен курал жарактар – артиллериялык снаряддар, мина жана башкалар бар экени даана көрсөтүлгөн. Маалымат чыккандан кийин Эрдоган басылмага жана башкы редакторго карата кылмыш ишин ачуу боюнча прокуратурага кайрылган.