Ал Жан-Булакта өмүр бою алакандай кат күтүп өтүп кеткен Айкан апа, ачарчылыктан элди сактаган мандалактар жана "тимурчу" кезин эстеди.
Мен — кат күткөн, кат жазган муундун өкүлүмүн
Доор алмашып, техниканын заманы келип, интернет көз ачып жумганча көздөгөн жериңе жеткирип, каалаган адамың менен көзмө-көз сүйлөштүрүп турган кезде кат жазуу тууралуу кийинки муундарга айтсак жомок болчудай. А бирок, мен ошол кат күткөн, кат жазган муундун өкүлүмүн. Улуу Ата Мекендик согушка кеткен уулдарынын жок дегенде катын күтүп, бул жазмыштан өтүп кеткен апаларды көрүп калган муундун өкүлүмүн. Ушундай жагдайда айылыма кат жазыш мен үчүн абдан маанилүү.
Кат десе 2014-жылы каза болгон атактуу мексикалык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин "Полковникке эч ким кат жазбайт" аттуу чыгармасы эске келет.
Көркөм чыгармадабы же жашоо-турмуштабы катты зарыга күтүп, жашоонун жарык бир учкуну катары туткандар бар экенин жакшы билем. Айылымда эч кимиси жок Айкан апа бар эле, биз "тимурчулар" турмуш-тиричилигине жардам берип, каралашчубуз. Ошол апа согушка кеткен жакындарын жана алардын алакандай катын өмүр бою күтүп жүрүп, дүйнөдөн өтүп кетти…
Мен жашоомдо да ыраматылык болуп кеткен апам менен атамдын катын күтүп, кайра аларга жазчумун. Алар менден кат күтө тургандыгын эң сонун билчүмүн. Андыктан, үзбөй жазганга аракет кылар элем. Ал почточу ата-энем үчүн эң маанилүү адам болучу.
Акын болом деп калем сап колума кармагандан баштап кат жөнүндө ыр да жазгам:
Карындашым Нуржандан
Кат жаздырат "Балам" деп.
"Кандай окуп жүрөсүң?
Биз жүрөбүз аман" деп
Ортосунан бүктөлгөн
Ушул каттар топ барак
Момпо салган апамдын
Кемсели эле жыттанат…
Мына ушундай баа жеткис, кымбат, ал тургай таттуу каттарды алчубуз, жазчубуз.
Айылым — күрөштүн, тирүүлүктүн борбору. Ал эми атам салган үй азыр — бала бакча
Айылдаштарымдын арасында эсте калчу адамдар арбын, мен үчүн сырттан болсо да ар биринин орду өзүнчө, андыктан бөлүп атагым келген жок. Аксакалдар сабырдуулугу, элди сөзгө тарта билгендиги менен, байкелер шайырлыгы, тамашакөйлүгү, айылда күлдүргөн жоруктары менен жадымда. Ал эми апалар ээрчишип алып, ынтымактын белгиси катары айыл аралап айылчылаганын азыр да жылуу эстейм. Сулуулугу, билими, шакылдаган эпчилдиги менен таасирленткен жеңелер, эжекелер азыр байбичелерге айланды. Алар азыр мөмөлүү бай түп дарактай.
Күрөштүн, тирүүлүктүн борбору айылдай сезилет мага. Айылдан эл түп көтөрө көчүп, баары шаардык болуп кетсе кыргыз, кыргыз болбой калчудай сезилет. Мен үчүн туулган жерим кымбат жана өзгөчө. Жакында айылыма белек кылдым. Он бир тууганым, атам, апам менен жашаган, балалыгым өткөн, пайдубалым түптөлгөн үйүмдү, айылымдын кетирекей бөбөктөрүнө арнап, заманбап бала бакчага айланттым.
Бирок Жаңы жыл алдында айылыма барып, бала бакчага айланган атам тургузган үйдөн наристелердин шаттуу күлкүсүн угуп, эң туура чечимге келгениме дагы бир жолу ынандым. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда балдар менен бирге газдалган камерага кирип ууланып өлгөн белгилүү польшалык жазуучу Януш Корчактын "Унутпагыла, адамдын эң маанилүү жолугушуусу — бул анын балдар менен жолугушуусу" деген канаттуу сөзү эске келди.
Эми айылымда балдар үчүн көйгөй чечилди, заманбап шарттагы бала бакча бар. Ал жерден келечек муун татыктуу тарбияланып чыгып, ырымда айтылгандай менин Жан-Булак айылым "Бүтпөгөн бул дүйнөнүн кармашында" болот.
Ал эми айылыма кирип бара жаткен дөбөдө жаткан ата-энемдин, айылдаштарымдын мүрзөсү тирүүлүккө Кароол дөбөдөй болуп турганы турган. Бул жер да бул оомалуу-төкмөлүү дүйнөнүн кызыгы менен баасын, өткөнүмдү, ары карап кеткен айылдаштарымды эске салып турган өзүнчө бир тараза.