БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн күн 24 градуска чейин ысый турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп ылдамдыгы секундасына 6 метрге чейин жетет.
2016-жылдын 27-февралынан 29-февралына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош авто жолунун (121-137, 198-265 чакырымдары кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
Жолдордун айрым жерлерине муз тоңуп, тайгак болот. Андыктан унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл сакталышы керектигин Кыргызгидромет эскертет.