БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстандын жогорку окуу жайларында дүйнөнүн төрт бурчунан келген 13 миңден ашуун чет элдик студент билим аларын маалымдады. Sputnik Кыргызстан алардын бир катарлары менен жолугуп, борбор калаада кантип жашап жаткандыгына кызыгып көрдү.
Көчөгө түкүргөн кыргызстандыктарды жериген түркиялык Самет
Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуган түркиялык студент Самет Алатлы эки жылдан бери студенттик жашоонун бар-жогун, ысык-суугун башынан өткөрүп келе жатат. Ал кадимки студенттердей эле кээ күндөрү акчасы жок калаарын айтат. Ата-энеси акча жиберүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, ал шаардагы кафелердин биринде официант болуп да иштеген.
Самет маңдай тери менен тапкан акчасын үнөмдөп жашоого аракет кылат. Анын шаардагы сүйгөн жери "чоң энелер базары". Ал тамак-ашты шаардын көчөлөрүнүн жээгине тизип алып, саткан кемпирлерден алууга аракет кылат.
"Мисалы, бир килограмм алсаң, сага эки эсе көп кылып салып берет. Улгайгандардын мындай кайрымдуулугу башкаларга билинбегени менен студент үчүн чоң эле жардам", — дейт ал.
Түркиялык студент Бишкекти жакшы көрөт, бирок, аны нааразы кылган жагдайлар жок эмес. Ага көпчүлүк жигиттердин шаардын асфальт көчөлөрүнө түкүрмөй адаты жана көчөлөрдүн караңгылыгы жакпайт.
"Кечинде көчөгө көп чыкпаганга аракет кылам. Анткени бир канча жолу кечинде көчөдө баратсак, балдар алдыбыздан чыгып, досторумдун акчасын алып коюшкан",— дейт ал.
"Жеңиш" антындагы көгүчкөндөр менен шампан ичкендерге суктанган кытайлык Ван Хуей
Ал эми Кытайдан келген студент Ван Хуей, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде орус тилин үйрөнүп, аны менен бирге бош убактысында шаардык мектептердин биринде балдарга кытай тилинен сабак берет. Мектеп ал жашаган үйдүн ижара акысын төлөп берип турат.
Ван Бишкектин айрым имараттары жана дүкөндөрү Үрүмчүнү элестетип турарын белгилейт. Анын шаардагы жакшы көргөн жерлери "Ала-Тоо" жана "Жеңиш" аянттары.
"Бишкекте Үрүмчүгө окшош жерлер көп. Ошондуктан бул жерде өзүмдү жат сезбейм. "Жеңиш" аянтындагы үйлөнүү иш-чарасында өчпөс отко гүл коюп, көгүчкөн учургандарды жана шампан ичкендерди карап олтургандан тажабайм", — дейт ал.
Акчасын алдырып, сууктан жабыр тарткан индиялыктар
Индиядан келген студент Пратиюш Ратор Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирине оңой эле тапшырганы менен, бул жакка келгенде тил билбей жана суукка көнө албай кыйналганын айтат. Ал Бишкектин суугун тоготпой, жайкы тапичке жана жука көйнөк кийген индиялык студенттер бир жолу ооругандан кийин гана жылуу кийимдерди сатып аларын кошумчалады.
Пратиюш өмүрүндө эт жеп көрбөгөнүн, вегетериан экендигин кошумчалады.
"Досторум жылкынын эти даамдуу деп айтышат, бирок жеген эмесмин. Анткени вегетерианмын", — деди ал.
Анын айтымында, индиялык студенттер тамак-аш азыктары үчүн "Ош" базарына барып, телефондорун, акчаларын уурдатып жиберген учурлар көп. Алар бир жолу уурдаткандан соң, базар тарапка каттабай баспай калышыптыр. Андан сырткары кээде 50 сомдон "салык төлөп калган" учурлар кездешээрин айтты.
"Көчөдө баратканда жергиликтүү балдар акча сураган учурларда "жок эле" деп, бирок, баары бир 50 сомдон берип кутулабыз", — дейт Пратиюш.
Биз менен сүйлөшкөн студенттер кемчиликтери болгону менен Кыргызстан алардын жашоосунда жакшы эсте кала турган өлкө болуп каларын айтышты.