БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды деп билдирет ӨКМ.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча бүгүн саат 4.29да жер титиреген. Үч баллдык силкинүүнүн очогу Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 15 чакырым аралыкта жайгашканы айтылууда.
Кырсыктан жабыркагандар болгон жок.