БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте япондордун сумо күрөшү боюнча ачык мелдеш өтөөрүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен маалымдашты.
Турнир 23-февраль — Мекенди коргоо күнүнө карата борбор калаада өтүп, ага 1998-2000-жылы туулган бардык каалоочулар катыша алат.
Балдар 80 килограмм,100 килограмм жана 100 килограммдан жогорку салмакта, кыздар 60 килограмм, 70 килограмм жана 75 килограммдан жогорку салмакта күрөшөт.
Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар менен дипломдор тапшырылат. Катышууну каалагандар сумо ассоциациясына кайрылуусу керек.