БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Борбор калаанын көчөлөрүн жааган кардан тазалоо башталганын шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин ӨКМ аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаай турганын маалымдаган.
"Тазалык" ишканасынын башчысы Рысбек Сарпашев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдиргендей, түнкү саат 12.00дө 17 машина жолду тазалоо үчүн чыкты.
"Тазалоо иштерин 23.00дө баштайлы дегенбиз, бирок, кардын жаашы басаңдабагандыктан түн ортосунан кийин баштайлы дедик. Азыр кум, туз себилет", — деди ал.
Тротуарларды 525 көчө шыпыруучулар тазалайт турганын Сарпашев кошумчалады. Тазалоо иштери эртең мененки саат сегизге чейин уланат.