Чет өлкөдөгү КР жарандарынын жүрөк титиреткен өлүмдөрү

© Sputnik / Игорь Чекачков / Медиабанкка өтүүУчак менен сөөктү жеткирүү. Архив
Учак менен сөөктү жеткирүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан киндик каны тамган жерден алыс жакта каза болгон кыргызстандыктардын жүрөк үшүн алган өлүмдөрүн карап чыкты.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Маалымат айдыңында ири кырсык тууралуу сөз болгондо андан алыста жүргөн мекендештерибиз жапа чекпесе экен деген тилек, ишенич көөдөндү тиреп турат. Бирок кээде, тилекке каршы, кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын мекенге сөөгү гана кайткан учурлары кездешет.

Ушундай окуя 30-январда болду. Москвада тигүү цехи өрттөнүп, андан 12 киши каза болду. Кырсыктан көз жумган 8 кыргызстандыктын арасында 4 жашар наристенин да бар экени аныкталды. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Sputnik Кыргызстан мекендештерибиздин чет жакта каза болгон учурларын эстеп көрдү.

Кар тазалаган коммуналдык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таттуу кыял артынан кеткен мигранттардын тозок оту…
1. 2011-жылдын 24-январында жан кечтинин айынан Москвада 35 адам каза болгон. "Домодедово" аэропортундагы жардыруудан набыт кеткендердин арасында кыргызстандык 24 жаштагы Мурат Хакназаров да болгон. 

2. 2012-жылдын май айында Байкал жолунда жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. Кыргызстандан Красноярск шаарына бара жаткан үч жаран менен үч наристенин эч кимиси аман калган эмес.

3. Төрт жыл мурун жарыкка чыккан "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" аттуу чырлуу тасманын кесепети дагы бир мекендешибиздин өмүрүн алып кетти. Ал жеке компанияда учкуч болуп эмгектенген. Үч микроавтобустун алдынан чыккан жанкечтинин жардыруусунан кыргызстандыктан тышкары дагы 9 адам каза болгон. Теракт аталган тасмага каршылык иретинде уюштурулган.

4. АКШда пицца ташып иштеген Абылбек Ызабеков 2014-жылдын 14-ноябрында талап-тоноочулардын колунан набыт болгон. Досторунун үйүн карактоого келген кылмышкерлерди чочутуп алган Абылбек алардын артынан куугунга түшкөн. Качкындардын бири артына бурулуп, аны көздөй атып жиберген. Ок Абылбектин мойнуна тийген.

Бул окуя дагы бир себептен улам көбүбүздүн эсибизде калды. Америкадан бери сөөк алып келүүгө 25 миң доллар керек эле. Атайылаштырылган сайттын жардамы менен бул каражат бир күндө чогултулган.

Москвадагы тигүү цехинде чыккан өрттөн КР жарандары каза болду. Күбөнүн тарткан видеосу
5. Авиаинженер Замир Бекетаев менен стюардессалар Гүлзина Бешбакова жана Галина Колосветова болгону 28 жашта болчу. Алар авиакырсыктан эмес, террорчулардын чабуулунан өмүрү менен кош айтышты. 2015-жылдын 27-январында кыргызстандыктар Триполидеги "Коринтия" мейманканасында болушкан. Терактыдан бардыгы болуп 10 киши көз жумган.

6. Былтыркы жылдын 19-апрели Кыргызстандын 14 жараны үчүн акыркы күн болуп калды. Казакстандын түндүк аймагында микроавтобуста бара жаткандар жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Буста бардыгы болуп 19 киши бар экени белгилүү болгон.

7. 2015-жылдын 27-майында Санкт-Петербург — Невель унаа жолунун 287-чакырымында DAF жүк ташуучу унаа менен Mazda MPV минивэни кагышып, төрт кыргызстандык каза болгон. Минивэндин айдоочусу менен эки жүргүнчүсү окуя болгон жерден мүрт кеткен. Калган төрт жүргүнчү ооруканага жеткирилген, бирок кырсыкка учураган аял алган жарааттарынан улам каза болуп калган. 

8. Кыргызстандын жараны Дильшод Айдаров былтыркы жылдын июлунда Москвада чагылган тийип каза болгон. Мекендешибиз жаан жаап жаткан учурда телефон менен сүйлөшө баштаган. Натыйжада чагылгандан аппарат эрип кетип, Айдаров алган күйүктөрүнөн улам көз жумган.

9. 23 жаштагы Алмазбек Таиров Сан-Францискодо мотоцикл менен бара жатып жаандан улам тоңголок тарткан жолдон тайгаланып, көпүрөдөн кулап кеткен. Кыргызстандык жигит ошол эле жерден каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0