БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Москвада каза болгон кыргызстандык Дилшат Айдаровдун сөөгү Жүк-200 менен мекенине жөнөтүлгөнүн КРдин Россиядагы элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.
Анын айтымында, сөөк элчиликтин жардамы менен Айдаровдун туугандарынын коштоосунда жөнөтүлдү.
"Чагылган тийип каза болгон 38 жаштагы Айдаров Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну болчу", — деди Кулукеева.
Маалыматка ылайык, каза болгон киши Москванын "Сетунь" ишканасында убактылуу иштеп жүргөн. Кырсык Айдаров күн күркүрөп, жамгыр төккөн учурда уюлдук телефон менен сүйлөшүп жатканда болгон. Чагылган ага дал ошол маалда тийген.