БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. "Мадина" базарындагы мечитте жардыруу болот деп Бишкек ШИИБине телефон чалган жаран колго түшүрүлгөнүн аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 31-январь күнү бегисиз бирөө милицияга телефон чалып, "Мадина" базарындагы мечитте 1-февралда саат 13.00дө жардыруу болорун айткан.
Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип Свердлов РИИБнын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы Элбек аттуу тургуну кармалган.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.