… Бишкекте барып окууга өтүп, кайра айылга, Жети-Өгүзгө, киндик каным тамган Сарууга кудуңдаган бойдон келдим. Көчө тыптынч. Жайдын саратаны болчу. Дарбазага келип тыкылдатсам эч ким ачпай койду. Кашаадан секирип түшсөм короодогу ит ырылдап үйгө киргизбейт. Болбосо, өзүм багып чоңойттум эле. Кайра көчөгө чыгып шаабайым сууп, скамейкада олтурам. Окууга өткөнүмө сүйүнүп, бугум ичиме батпай чыдамым кетип жол басып келсем, үйдө эч ким жок! Анысы аз келгенсип итимдин кылганы тигил.
Ыйладым. Атам жок, же энем жок… Экөө тең "о" дүйнө салып кетишкен. Ошондо, "атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар" деген накыл кептин төркүнүн түшүнгөм. Ата-эне баласын жол карап күтөт тура… Кеч курун көчөнүн башынан арабачан айылдаштарым шаңкылдашып чыга келди. Көрсө, көлгө түшкөнү кетишиптир. Бизде Жети-Өгүз районунда көлдүн жээги алыс. Бери дегенде эле 7-8 чакырым. Эс алыш үчүн атайын даяарданып, тамак-ашын даярдап алып, анан барып келебиз. Бизде көл барктуу.
Ошол түнү уктаган жокмун. Уктадым, бирок мээм эс алган жок. Эртеси, анын эртеси, күндөр чубап өттү… Ошентип, студент болуп, шаарга жөнөдүм. Мен "акылдуу адам" болгону кеттим…
Кудай берген табигатын сөз менен айтып жетикире албасмын. Анткени, мактангандай боломун. Жуукучактын ичиндеги жерден чыккан ысык суунун дарылык касиетин эле айтсам, менин жериме ашык болуп калаарыңыз анык. Айтылуу акын, Түмөнбай Байзаков жазгандай, "алыстан ар кыл сөз айтпастан, аймагын атайын келип көр".
Менин айылым ушундай.