Президент Алмазбек Атамбаев "2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Анда "Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшү маданияттын өнүгүшү менен тыгыз байланышта" экендиги айтылды.
Мунун, албетте, чоң мааниси бар. Себеби, экономиканы, саясатты, жалпы эле коомдук турмушту алдыга сүйрөй турган, келечекти аныктай турган нерсе бул – тарых жана маданият. Бул экөө бирисиз бири жок. Бирисиз бири жашабайт.
Айбан кылбаган чекиликтерди кыргыздар кылып жатабыз
Тарых – өткөндөрдү үйрөнүү, алардан сабак алуу үчүн керек. Кыргыздар – Борбор Азиядагы эң байыркы калк деп келебиз, бирок ошонун байыркылыгын билип, аны барктаган жаш муундарыбыз барбы? Жакынкы совет жылдарында биздин Эне-Сай доорун жок деп эсептеп, кыргыздар ал жакта жашаган эмес деп келдик. Ханзу жазма булактарында айтылган, такталган эки кылым ары жакта кыргыз мамлекети болгондугун тан албай, андан өзүбүздү өзүбүз качырып келдик. Натыйжада, өткөнүн карабаган маңкурт муун өсүп чыкты. Алар үчүн тарых жок, жети атасы түгүл – өз атасы жок. Мына ушундай абалдан чыгуу үчүн мамлекетте "Тарых жана маданият жылы" өз убагында жарыяланды. Бул эң туура чечим!..
Кыргыз тарыхы ар кандай санжыранын деңгээлинде калганда
2016-жылы азыркы Бурана шаар чалдыбары турган Карахандар мамлекетинин ордосу болгон Баласагын шаарында туулуп, "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") деген дидактикалык дастанды жазган акын жана аалым Жусуп Баласагын бабабыздын 1000 жылдыгы белгиленет. 2016-жылы падышалык Орусиянын оторчул саясатына каршы чыккан элдик көтөрүлүштүн 100 жылдык кайгылуу күнү да эскерилет. Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы, Кыргыз автономиялуу облусунун 90 жана Кыргыз ССРинин түзүлүшүнүн 80 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы да бар.
Жогорудагы орчун окуялардын тегерегинде дагы толгон-токой иш чаралар өтөт, алардын баары келечек муундун тарыхый аң-сезимин көтөрүп, кыргыз маданиятын өнүктүрүү үчүн керек.
Ошолорго быйылкы Маданият жана тарых жылы огожо болор деп турабыз. Болсун!..