Кыргызстандагы белгилүү спортчулардын жаңжал коштогон жоруктары

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат ЦА по спортивному скалолазанию
Чемпионат ЦА по спортивному скалолазанию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчуларга байланыштуу жаңжалдардан сырткары, жоготуулар дагы болду. Мындай окуялар алардын күйөрмандарынын бир тобунун көңүлүн калтырса, бир катарларынын кыжырын келтирген.

БИШКЕК, 22-янв. – Sputnik. Милиция спорт чебери Түмөнбаев 21-январдын түн ичинде мас болуп инспекторлорго кармалып, унаасын айып короого токтоткондугу үчүн аларды тапанча менен коркутканын билдирди. Буга ылайык спортчуга кылмыш иши козголду. 

Дүйнө биз жөнүндө жар салганда: Кыргызстанды гуглдан издеткен тогуз окуя
Кыргызстандын спорт чеберлери элдин эсинде бүйүр кызытып, намыска жараган ийгиликтери менен гана эсте калбастан, чуулгандуу окуялары аркылуу дагы тааныла алышты. Sputnik Кыргызстан белгилүүлөр жараткан жаңжалдарды эстеп көрдү.

Каныбек Сагынбаев. Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Сагынбаев 2014-жылы жол кайгуул кызматкерлерине мас абалында кармалган. Жол кайгуул кызматынын инспекторлоруна баш ийбей жаткан видеосу интернет булактарына тарап, эл арасында катуу талкууга алынган. Жыйынтыгында, бул боюнча административдик протокол түзүлүп, автоунаасы айып короого киргизилген.

 

Алексей Федосеев. Белгилүү кикбоксер, дүйнө чемпиондугу боюнча бир нече курдун ээси Федосеев 2013-жылы Бишкектеги тойканалардын биринде бирөө менен чартылдаша кеткен. Той бүткөндөн кийин бейтааныш 10 адам келип спортчуну сабап, жаагын сындырып салышкан. 

© предоставлено Алексеем ФедосеевымБелгилүү кикбоксер, дүйнө чемпиондугу боюнча бир нече курдун ээси Федосеев 2013-жылы Бишкектеги тойканалардын биринде бирөө менен чартылдаша кеткен.
Тебе предстоит защищать честь национальной сборной КР по кикбоксингу и с гордостью представлять свою страну на международных соревнованиях в разных странах. - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү кикбоксер, дүйнө чемпиондугу боюнча бир нече курдун ээси Федосеев 2013-жылы Бишкектеги тойканалардын биринде бирөө менен чартылдаша кеткен.

Айсулуу Тыныбекова. Күрөш боюнча белгилүү кызыбыз Тыныбекова 2012-жылы өтө турган Олимпиадага даярдык көрүүнүн ордуна соттордо чуркап жүрүүгө аргасыз болгон. Анын себеби, Нуриля Кочкорбаева аттуу жаран Тыныбекова өспүрүм кызын сабап кеткенин айтып, сотко берген. Сот жабырлануучу тараптын Тыныбекованы олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу суранычын аткарган эмес. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКүрөш боюнча белгилүү кызыбыз Тыныбекова 2012-жылы өтө турган Олимпиадага даярдык көрүүнүн ордуна соттордо чуркап жүрүүгө аргасыз болгон.
Вручение президент Алмазбек Атамбаев вручил спортсменам единовременные денежные премии и памятные подарки за достижения в спорте - Sputnik Кыргызстан
Күрөш боюнча белгилүү кызыбыз Тыныбекова 2012-жылы өтө турган Олимпиадага даярдык көрүүнүн ордуна соттордо чуркап жүрүүгө аргасыз болгон.

Руслан Түмөнбаев, Канатбек Бегалиев. Учурда кылмыш иши козголгон Түмөнбаев 2011-жылы спорттогу кесиптеши Канатбек Бегалиев менен биргеликте мушташка кабылган. Анда эки спортчу Финансы полициясынын кызматкерлери аларды сабап кеткенин моюндашкан. Бирок, спортчулар арыз менен күч кызматкерлерине кайрылбагандыктан, кылмыш иши козголгон эмес. 

© AP Photo / Ed WrayУчурда кылмыш иши козголгон Түмөнбаев 2011-жылы спорттогу кесиптеши Канатбек Бегалиев менен биргеликте мушташка кабылган.
Борец Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Учурда кылмыш иши козголгон Түмөнбаев 2011-жылы спорттогу кесиптеши Канатбек Бегалиев менен биргеликте мушташка кабылган.

Киши болдуу болгон спортчулар…

Тилекке каршы, белгилүү спортчулар арасында киши колдуу болуп каза тапкандар да болду. 

Руслан Абасов. Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Абасов Токмоктун кичи райондорунун биринде 2014-жылдын март айында унаасы менен кошо жарылып, курман болгон. Алган жаракатына байланыштуу ооруканага жетпей көз жумган. Иликтөө иштери жардыруучу зат айдоочу отурган отургучтун алдына катылганын тастыктаган. 

Жыл жыйынтыгы:кыргыз спортунун дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери
Раатбек Санатбаев. Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону, XX кылымдын грек-рим күрөшү боюнча мыкты спортчусу Санатбаев 2006-жылы киши колдуу болгон. Аны Бишкектен белгисиз адамдар атып кеткен. Маркум Улуттук олимпиадалык комитеттин жетекчилигине талапкер болуп жаткан.Эл арасында жетекчилик кызматын ыраа көрбөгөндөр атайын аттырды деген кептер тараган.

Али Порсуков. Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Порсуков 2002-жылы Бишкекте киши колдуу болгон. Ал машыгуудан достору менен кайтып келе жаткан маалда, белгисиз адам алты жолу ок чыгарган. Бардык ок Порсуковго тийген. ИИМ кызматкерлери анын кылмыш дүйнөсүнө тиешеси жок экенин айтышкан. Ок жеген спортчу ооруканага жеткиче "Эмне үчүн?" деген суроону кайталап барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0