БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Пекин Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, балбан Руслан Түмөнбаевге эки берене боюнча кылмыш иши козголгонун Бишкек шаардык ИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 20-январдан 21-январга караган түнү Токомбаев көчөсү менен бара жаткан "Лексус 330" үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшере келгенде унаанын айдоочусу Түмөнбаевдин тийиштүү документтери жок болуп чыккан. Инспекторлор тарабынан административдик протокол түзүлүп, унаа айып короого жөнөтүлгөн.
Республикалык наркология борбору Түмөнбаевдин мас экендигин аныктаган.
Бул фактылар боюнча Октябрь РИИБ тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин "Газ куралын мыйзамсыз алып жүрүү, сатуу, сактоо" жана "Бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда спортчу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.