БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун регионалдык бюросу менен кызматташууну уланта турганын аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, эки жылга түзүлгөн келишим буга чейинки кызматташуунун уландысы катары Кыргызстандагы саламаттык сактоо саясаты, системаны бекемдөө, улуттук потенциалды күчөтүү, коомдук саламаттык сактоо программаларына жардам берүү маселелерин карайт.
"Мында жалпыга медициналык кызмат көрсөтүү, финансылык коргоо маселелери, саламаттык сактоо системасын бекемдөө, инфекциялык эмес ооруларга көзөмөлдү күчөтүү, инфекциялык илдеттерге көзөмөлдү улантуу, лабораториялык кызматты натыйжалуулугун арттырууга өзгөчө басым жасалат", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган келишим Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан техникалык жардам алууну шарттап, ал эми Кыргызстан тарабынан коюлган милдеттемелердин кынтыксыз аткарылышын талап кылат.