БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Ош — Бишкек кан жолунун 121-138-жана 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, атып түшүрүү аракеттери 20-январга чейин уланат. Кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан сааттарда Бишкек — Ош унаа жолунун айрым участкаларында жол убактылуу жабылат.