БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 4-январында Шамалды-Сай ГЭСинин жанында эркек адамдын жансыз денеси табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар сөөктү жардан чыгарып, Таш-Көмүр шаардык ИИБнын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда окуянын себептери иликтенип, өлгөн кишинин өздүгү такталууда.