Бишкектен Жалал-Абадга учак бүгүнтөн тарта уча баштады

© flickr.com / PrayitnoУчактын канаты. Архив
Учактын канаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба каттамы ар дүйшөмбү күнү учат. Бир тарапка болгон учак билетинин баасы 2500 сом.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдөн тарта Бишкектен Жалал-Абадга учак каттай баштарын Эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди. 

Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек каттамы боюнча жүргүнчүлөр эми ар дүйшөмбү күнү уча алышат.

Бишкек менен Көлдөгү аэропорттун ремонтуна Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду акча бөлөт
Бишкектен саат 13:40та чыгып, Жалал-Абадга саат 14:45те конот. Кайта Бишкекке саат 15:25те учуп Бишкекке 16:30да келип конот.

2015-жылдын башында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы Жалал-Абад аэродромун талапка жооп берер бербесин изилдеген. Текшерүү учурунда бир катар кемчиликтери айтылып, сертификатты узартуудан баш тартылган. 

2015-жылдын август айында Эл аралык "Манас" аэропорту өз каражатына Жалал-Абад аэропортунун учуп-конуу тилкесин 6 миллион 207 миң 86 сомго оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн. Андан кийин сертификаты берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0