БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Ошто суудан изделип жаткан беш жашар Марат Мамажановдун сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Кечээ кечинде шаардагы Көкүм бий көчөсүндө жайгашкан балык базасындагы көлмөгө 7 жана 5 жашар ага-ининин чөгүп кеткени айтылган. Улуу уулу Баястан Мамажановдун денесин атасы Эмил Төрөбаев өзү суудан алып чыккан. Ал эми кичүү баласы Марат кечээ табылбай, издөө иштери бүгүн да улантылган.
Маалыматка ылайык, наристелер туурасы 80-90, узуну 150-160, ал эми тереңдиги 1,5-2,5 метр келген көлмөгө чөгүп кетишкен. Куткаруучулар баланын сөөгүн атасына өткөрүп беришти.