00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Батыштан Чыгышка. Дүйнөлүк инвесторлор үчүн Борбор Азия эмнеси менен кызык?
13:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Завещание не запрещает продать имущество — юрист о главных заблуждениях о наследстве
14:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Важен не диплом а портфолио - директор колледжа КРСУ о том как меняются правила игры
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Завещание не запрещает продать имущество — юрист о главных заблуждениях о наследстве
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сариев Транспорт министрлиги менен Бишкек мэриясынын ишин сынга алды

Жазылуу
Өкмөт башчы 2016-жылы Кыргызстан эгемендигинин 25 жылдыгын белгилей турганын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн, мындан улам бир катар мамлекеттердин башчылары республикага конок болуп келерин баса белгиледи.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Өкмөт башчы Темир Сариев жолдордун курулушуна арналган жыйында транспорт жана коммуникация министри менен Бишкек мэринин ишин кескин сынга алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сариев шаар жана республикадагы көчөлөрдү куруу жана оңдоо иштерине бөлүнгөн каражат туура пайдаланылышы керектигин баса белгиледи.

"Иш сапаттуу жүрүп, өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү керек. Муну көзөмөлдөө транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин түздөн түз милдети. Оңдолгон жолдорго дагы бир ирет көңүл буруп коюңуз. Керек болсо аң-чөнөктөрдү жамоо иштерин жүргүзүү зарыл", — деди премьер-министр.

Авто базар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: турак жай жана унаалар сом менен сатылышы керек
Мындан тышкары, Сариев Бишкек — "Манас" эл аралык аэропорту унаа жолунун ремонту өз маалында бүтпөй жатканына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, министрлик өз ишин жөнгө салып, реформа жүргүзүү боюнча маселени көтөрүшү керек.

Муну менен бирге өкмөт башчы Бишкектин муниципалдык кызматтары заманбап соода борборлоруна өтүүнүн ордуна айрым адамдарга павильон жана күркөлөрдө соода кылууга уруксат берип жатканын айтты.

"Шаар менен базарларды күркөлөрдөн тазалоо керек. Тазалыкты камсыздоо зарыл. Мындай аракетти эл деле колдойт, ишкерлерди башка соода орундары менен камсыздоо зарыл", — деди Сариев. 

Өкмөт башчы 2016-жылы Кыргызстан эгемендигинин 25 жылдыгын белгилей турганын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн, мындан улам бир катар мамлекеттердин башчылары республикага конок болуп келерин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0