БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылдын август айында Ысык-Көл жээгинде өтө турганын президент Алмазбек Атамбаев Астанадагы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетекчилеринин V саммитинде билдирди.
Өлкө башчы өз сөзүндө эмдиги жылы өтүүчү саммитке Кыргызстан төрагалык кыларын белгиледи.
"Кийинки саммитти спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү ураанынын алдында өткөрүүнү сунуш кылам. Бул боордош калктардын жакындашуусуна жана спорттун улуттук түрлөрүнүн өнүгүшүнө карай жасалган ири кадам болот", — деди президент.
Атамбаев 2016-жылы өтө турган саммиттин алкагында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландаштырылып жатканын билдирди.
Сөзүнүн акырында өлкө башчы түрк тилдүү мамлекеттердин өз ара кызматташуусу жакшы жыйынтыктарды берерине ишеним артты.
Иш-чарага катышып жаткан мамлекет башчылары кийинки VI саммиттин Чолпон-Ата шаарында өткөрүү сунушун колдоого алышты.