БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Чоң Чүй каналы менен Чу дарыясынан азиялык улуттагы эки эркек адамдын жансыз денелери табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, эки сөөк тең кечээ, 26-ноябрь күнү түшкө маал табылган. Болжол менен 40-50 жаштагы жарандын бирин алты куткаруучу Васильев көчөсүнүн аймагындагы Чоң Чүй каналынан, ал эми экинчисин үч куткаруучу Бишкек-Торугарт унаа жолунун 127-чакырымында Чу дарыясынан алып чыгышкан.
Өлгөн адамдардын сөөгүн куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда алардын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.