БИШКЕК, 24-ноя — Sputnik. Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинде иштеген кызматкер акчасынан да, ишинен да айрылган. Бул туурасында Акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, элчиликке кызматка 2009-жылы орношкон. 2015-жылдын март айында баласын караганы эмгек өргүүсүнө чыккан, бирок ишке кайтып келгенде, анын ордуна башка бирөөнү алып коюшканын билген.
"Иштин чоо-жайын түшүндүргөндүн ордуна, аны дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратынан тышка чыгарып салышкан", — деп билдиришти Омбудсмен институтунан.
Арыз жазган аялдын айтымында, КРдин Пакистандагы элчилигинин консулу Сагын Ибраев анын эмгек укугун жана балдарынын укугун бузган. Себеби ал үй-бүлөсүнүн иштеп жаткан жалгыз багары.
Ведомство тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге бул жагдайды териштирип, КР жаранына жардам берүү өтүнүчү менен кат жиберди.
ТИМден Sputnik маалымат сайтына бул жагдай иликтеле баштаганын айтышты.