Кыргызстанга буту баса элек чет элдиктер бизди кандай элестетишет?

© Фото / Zahariz KhuzaimahКыргызстандын жаратылыш. Архив
Кыргызстандын жаратылыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik респонденттеринин бири Кыргызстан — бул териси сары, чачы кара адамдар жашоочу жүздөгөн кыштактар менен чакан шаарчалардан турган өлкө деп эсептейт. Ал кыргызстандыктар салтты бекем сактап, эч качан ата-энелерине, чоң ата-чоң апаларына чалып турганды унутпайт деген ойдо.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Тоодо лыжа тебүү мезгили Кыргызстанда расмий башталды. Чет элдик туристтерин агымы республикага кайра агып келет, бирок эми көлгө түшкөнү эмес, алар ак кар баскан тоо беттеринен лыжа, сноуборд тепкени келишет. Жана алардын ар бири элибиздин меймандостугуна, табиятыбыздын сулуулугуна суктанып кетишет.

Sputnik Кыргыстанга бир да жолу келип көрбөгөн адамдар аны кандай элестете турганына кызыгып көрдү. Ар түрдүү өлкөлөрдөн респонденттер Интернетти пайдалануусуз эле биздин калкты, өлкөдө саясий түзүлүштү, экономиканы сүрөттөөгө аракет жасашты. 

Гвидо Моргант, 26 жашта (Флоренция, Италия):

© фото предоставлено Гвидо МоргантомГвидо Моргант, 26 лет (Флоренция, Италия)
Гвидо Моргант, 26 лет (Флоренция, Италия) - Sputnik Кыргызстан
Гвидо Моргант, 26 лет (Флоренция, Италия)

Кыргызстанды кандайча элестетем дейсизби? Менин көз алдыма адамдын колу тие элек жана Европа өлкөлөрүндөй курулуп-жайлаштырылбаган жаратылышы кооз, тоолуу аймак элестейт. Ал жакта жакшы кишилер жашайт деп ойлойм, бирок алардын тилинде сүйлөбөгөндөргө бир аз коомай карашат.

Адел Хайдарович, 27 жашта (Сараево, Босния жана Герцеговина):

© фото предоставлено Аделем ХайдаровичемАдел Хайдарович, 27 лет (Сараево, Босния и Герцеговина)
Адел Хайдарович, 27 лет (Сараево, Босния и Герцеговина) - Sputnik Кыргызстан
Адел Хайдарович, 27 лет (Сараево, Босния и Герцеговина)

Менимче, Кыргызстан — мурдагы Советтер Союзуна кирген республика катары советтик менталитетин баары бир сактап калган өлкө. Ал жакта тоо, кар, жана, албетте, кооз жерлер көп болсо керек. Андан тышкары, Кытай, Россия жана бир аз араб өлкөлөрүнүн таасири менен түрдүү маданияттар айкашкан деп ойлойм. Эли токтоо жана эркин, бирок бир аз консервативдүү келсе керек. Ошондой эле алар өз элинин салттарын сыйлайт. Менимче, бул туристтер үчүн сонун өлкө. Мүмкүнчүлүгүм болуп калса, Кыргызстанга сөзсүз барып, сөзүмдүн чын-төгүнүн өзүм текшерем. 

Фатима Таймурирад, 19 жашта (Тегеран, Иран):

© фото предоставлено Фатимой ТаймурирадФатима Таймурирад, 19 лет (Тегеран, Иран)
Фатима Таймурирад, 19 лет (Тегеран, Иран) - Sputnik Кыргызстан
Фатима Таймурирад, 19 лет (Тегеран, Иран)

Менин билишимче, Кыргызстан Каспий деңизине жакын жайгашкан. КР өтө бай же өтө кедей өлкөлөргө кирбейт деп ойлойм. Ошондой эле Кыргызстан — заманбап турмуш тартибине ээ өлкө деген ишеничтемин. Баса, ал жакта элдин көзү азиялыктардыкына окшош.

Тома Людченко, 27 жашта (Киев, Украина):

© фото предоставлено Томой ЛюдченкоТома Людченко, 27 лет (Киев, Украина)
Тома Людченко, 27 лет (Киев, Украина) - Sputnik Кыргызстан
Тома Людченко, 27 лет (Киев, Украина)

Мен Кыргызстанды бөтөнчө бир табиятка ээ, тоолуу өлкө деп элестетем. Дагы, менимче, калкынын бир башкача баш кийимдүү салттык кийимдери бар. Ал жакта улуттук майрамдарды абдан кооз, ыр-бий менен коштоп белгилешет. Кыргызстандын маданияты Грузия менен Казакстандын маданиятына жана үрп-адаттарына окшош деп ойлойм.

Йенс-Петер Педерсен, 25 жашта (Копенгаген, Дания):

© фото предоставлено Йенс-Петер ПедерсеномЙенс-Петер Педерсен, 25 лет (Копенгаген, Дания)
Йенс-Петер Педерсен, 25 лет (Копенгаген, Дания) - Sputnik Кыргызстан
Йенс-Петер Педерсен, 25 лет (Копенгаген, Дания)

Менин түшүнүгүмдө Кыргызстан — эреже-тартип, салттары катуу сакталган өлкө. Кыздары, араб дүйнөсүндөгүдөй, жабык кийим кийип, турмушка чыкканга чейин эркек кишиге жакындабайт. Эркектеринин мүнөзү катуу келип, жылуу-жумшак мамиле жасабайт. Бирок ушундай болсо, кантип президенттери элден качып кеткени таң калтырат.

Кеннет Сальвино, 23 жашта (Макати, Филиппин аралдары):

© фото предоставлено Кеннетом СальвиноКеннет Сальвино, 23 года (Макати, Филиппины)
Кеннет Сальвино, 23 года (Макати, Филиппины) - Sputnik Кыргызстан
Кеннет Сальвино, 23 года (Макати, Филиппины)

Кыргызстан — жалгыз саякаттоо үчүн кооптуу өлкө деп ойлойм. Атамда дүйнөнүн эски картасы бар, Кыргызстан бир кезде СССРге кирип турганын ошондон билем. Жана калкы түрк тилинде сүйлөгөнүнө карабай, кебинде орусча акценти бар. 

Гок Ю, 34 жашта (Рим, Италия):

© фото предоставлено Гок ЮГок Ю, 34 года (Рим, Италия)
Гок Ю, 34 года (Рим, Италия) - Sputnik Кыргызстан
Гок Ю, 34 года (Рим, Италия)

Мен Кыргызстанды жүздөгөн кичинекей айыл-шаарчалардан турган тоолуу жана жашыл өлкө деп элестетем. Ал айыл чарбалуу, эч бир жогорку технологиясы жок мамлекет. Эли мээримдүү жана меймандос, бирок жалпы өлкө жөнүндө андай айта албайсың — ал эл аралык мамилелер үчүн жабык. Адамдардын териси сары, чачы кара, салтты бекем сактап, эч качан ата-энелерине, чоң ата-чоң апаларына чалып турганды унутпайт. Алар туура жашашат жана өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп турат. 

Милош Граду, 24 жашта(Белград, Сербия):

© фото предоставлено Милош ГрадуМилош Граду, 24 года (Белград, Сербия)
Милош Граду, 24 года (Белград, Сербия) - Sputnik Кыргызстан
Милош Граду, 24 года (Белград, Сербия)

Мен Кыргызстан жөнүндө эч нерсе билбейм, бирок алгач Азербайжанга окшотуп элестеткем. Душанбе, Ташкент Алматы жөнүндө уккам, Бишкекти биринчи угушум. Бул өлкөдө калктын жарымы мусулмандар деп ойлойм, калганы христиандар болсо керек. Жана таң калтырганы, аталыштары "-стан" деп бүткөн өлкөлөрдө тили түрк тилдерине кирсе да, кириллицаы колдонушат. Менимче, бул саясий абалы татаал, либералдуу өлкө.

Карлос Кальво, 26 жашта (Торонто, Канада):

© фото предоставлено Карлосом КальвоКарлос Кальво, 26 лет (Торонто, Канада)
Карлос Кальво, 26 лет (Торонто, Канада) - Sputnik Кыргызстан
Карлос Кальво, 26 лет (Торонто, Канада)

Жакында эле Кыргызстан жана Бишкектеги жашоо туурасында бир нече китеп окуп чыктым. 

КРдин мамлекет катары чек араларында көйгөйлөрү бар деп ойлойм. Ошондой эле бул өлкөдө азыркыга чейин орустар көп жашай турганын жана орус тили мурдагыдай эле кеңири жайылганын билем. Досторум бир жолу Кыргызстандан алып келген бир тоголок нерсени ооз тийгизишкен эле. "Курут" деп аталат экен. Даамы укмуш сонун болчу!

Жаңылыктар түрмөгү
0